Ошто акча алмашу бюросуна 55 миң сом айып пул салынды

Улуттук банктын Ош областык башкармалыгы акча алмашу бюросуна 55 миң сом айып пул салды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, айып пул Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарын бузууга жол бергендиги үчүн салынган.

Ошондой эле, Ош шаарынын жараны (Т.М.Б.) лицензиясыс нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн 17.5 миң сом өлчөмүндө айып пул салды.