Жумгалда ат туризм боюнча фестивалы өтөт
Нарын облусунун Жумгал районундагы Кызарт айылында 21-июлдан 23-июлга чейин «Кызарт-Килемче-Соң-Көл» ат туризми боюнча фестиваль өтөт. Бул тууралуу Туризм департаменти билдирди.
Фестивалдын максаты – жергиликтүү калктын туризмге болгон кызыгуусун арттыруу жана аймактын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө салым кошуу, жергиликтүү туризм ишмердүүлүгүн туруктуу өнүктүрүү жана жайылтуу болуп саналат.
Такталгандай, биринчи күнү Кызарт айылында фестивалдын салтанаттуу ачылышы, концерт, шырдак-шоу, улуттук тамак-аш жана суусундуктардын көргөзмө-жарманкеси, улуттук оюндар пландалган. Экинчи күнү Килемче жайлоосунда ат, жөө, джип жана вела турлар өткөрүлмөкчү. Үчүнчү күнү Соң-Көл жайлоосуна келүү пландалган.