Жыл башынан бери пенсияга 35.5 млрд сом каржыланды

2023-жылдын январь-июнь айларында пенсияга 35 млрд 577 млн 531 миң 879 сом каржыланды. Бул тууралуу Социалдык фонддун басма сөз кызматынан билдиришти.

Каражат төмөнкүдөй бөлүнгөн:

• Бишкекте — 5 млрд 672 млн сом;

• Чүй облусунда — 5 млрд 347 млн сом;

• Нарын облусунда — 2 млрд 804 млн сом;

• Ысык-Көл облусунда — 3 млрд 232 млн сом;

• Талас облусунда — 1 млрд 482 млн сом;

• Ошто — 1 млрд 271 млн сом;

• Ош облусунда — 6 млрд 554 млн сом;

• Баткен облусунда — 3 млрд 45 млн сом;

• Жалал-Абад облусунда — 6 млрд 166 млн сом.

Пенсиянын каржылануусу 2022-жылдын алты айында 27 млрд 326 млн 784 миң 791 сом түзгөн.