Оштун коомдук транспортунда жол акыны «Элкарт» картасы менен төлөөгө болот

Ош шаарынын тургундары жана коноктору коомдук транспортто жол акысын «Элкарт» банктык картасы менен төлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Бүгүнкү күндө жаңы төлөм №13-маршруттук линиядагы муниципалдык автобустарда жана шаардык троллейбустарда жеткиликтүү.

Жакынкы арада тутум ISUZU SAZ HC үлгүсүндөгү 40 муниципалдык автобустарында ишке киргизилет.

Мындан тышкары, жол акысын төлөө жакынкы убакыттарда мобилдик тиркемелер, Visa жана Mastercard банк карталары аркылуу ишке киргизүү болжолдонууда.