Таластагы көчөлөрдү асфальттоо иштери башталды – жалпысынан 30 км салынат

Талас шаарынын көчөлөрүнө асфальт басуунун алгачкы жумуштары башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Шаар башчысы Эрмат Джумаев муниципалдык ишканалардын жетекчилери менен биргеликте асфальт басуу иштеринин алгачкы этабы менен жеринен таанышты.

Анын жүрүшүндө калаа башчы Эрмат Джумаев тийиштүү мекеме, ишкана жетекчилеринин бул жаатта  жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп,  аткарылып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле айрым мүчүлүштүктөрдү  тезирээк жөнгө салуу тапшырмасын берди.

Белгилей кетсек, Талас шаарындагы борбордук жана ички көчөлөргө 30 км, ал эми тротуарларга 20 км асфальт басылат.