Түркияга кыргызстандыктар үчүн визасыз режимди жарым жылга чейин узартат сунушталды

Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев кыргызстандыктар үчүн визасыз режимдин мөөнөтүн 90 күндөн 180 күнгө чейин кеңейтүүнү сунуштады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Бул маселе Түркиянын Ички иштер министринин орун басары Мехмет Акташ менен жолугушуусунда көтөрүлдү.

Ошондой эле элчинин тарабынан кыргызстандыктардын Түркияда жашоого уруксат алуу шарттарын жеңилдетүү жана алардын мыйзамдуу жүрүү мөөнөтүн узартуудан баш тартуулардын санын азайтуу өтүнүчү айтылды.

Элчи Казакбаев ошондой эле түрк кесиптештерине мыйзамсыз жүргөн Кыргызстандын жарандарына айыпсыз жана тыюу салуусуз чыгып кетүү жана андан ары мыйзамдаштыруу максатында миграциялык мунапыс берүү мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады.

Түрк тарап сунуштарды изилдеп жана Түркиянын кызыкдар органдары менен биргеликте тиешелүү иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.