Баш калаанын «Арча-Бешик» конушунда суу боюнча абал турукташты

«Арча-Бешик» конушунда суу боюнча абал турукташты. Бул тууралуу баш калаанын мэриясы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө Орто-Алыш суу алгычындагы суу сактагычтардагы суунун көлөмү көбөйдү. Эгерде бир ай мурда 8500 м3/саат өндүрүлгөн болсо, бүгүнкү күндө 9100 м3/саат. Эсептөөлөргө ылайык, суунун деңгээли 9500 м3/саатка жетсе, суу маселеси толук чечилет.

Белгилей кетсек, көйгөйлүү аймактарда нөөмөт менен  кошумча транспорт  тартылып, зарыл болгон учурда водовоз сууну ыкчам жеткирет.