2023-жылы сегиз миңге жакын кыргызстандык Улуу Британиянын айыл чарбалык жумуштарына барат

2023-жылы Улуу Британиянын айыл чарба ишканаларында сезондук жумуштарга сегиз миңге жакын кыргызстандыктардын катышуусу пландалууда. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров менен жолугушуу учурунда Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Королдугунун КРдагы элчиси Николас Боулер билдирди.

Элчи белгилегендей, бүгүнкү күндө биргелешкен ийгиликтүү долбоорлордун бири катары нын жарандарын ишке орноштуруу программасын атоого болот.

Ошондой эле мамлекет башчысы Кыргызстандын Улуу Британиянын өнүгүп келе жаткан өлкөлөр менен соода жүгүртүүнүн жаңы схемасына кошулгандыгын кубаттай турганын, ошондой эле кыргыз тарап Улуу Британияга өз продукциясын экспорттоодо ЕБ «ВСП+» преференцияларын колдонууну улантаарын билдирди.

Ошону менен бирге, Жапаров өз ара кызыкчылык туудурган тармактарда биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өлкө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Улуу Британиянын Элчиси Николас Боулер эки мамлекеттин достук мамилелерин белгилеп, өнөктөштүктү мындан ары ар кыл тармактарда бекемдөөгө жана кеңейтүүгө кызыкдар экендигин билдирди.