Бул жумада Төө-Ашуу 10 саатка чейин жабылат – Транспорт министрлиги

Жакынкы күндөрү Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы туннелдин жолуна асфальт төшөө иштери башталат. Буга байланыштуу унаалардын өтүүсүнө 10 саатка чейин убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.

Белгилүү болгондой, буга чейин эбак эскилиги жетип, аң-чөнөккө толгон туннелдин жолун жана анын ичин оңдоо иштерин тездетүү тапшырмасы берилген. Министр Тилек Текебаев жаңы асфальтты 2 жуманын ичинде бүтүрүүнү тапшырды.

Белгилей кетсек, учурда туннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо, сырдоо процесси аяктап, туннелдин бетон плиталарын алмаштыруу жумуштары жыйынтыкталды.