Бажычылар дээрлик 60 тонна контрабандалык помидорлорду кармашты

Түндүк-Чыгыш бажысынын кызматкерлери жаңы помидорлорду жалпы салмагы 40 тоннага жакын товарды бара турган бажы органына жеткирбөө фактысы аныкталган. Бул тууралуу Бажы кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жүк Түркмөнстандан «С.у.К.» ЖИнин дарегине жөнөтүлгөн. Мамлекетке келтирилген зыяндын суммасы 632 миң сомду түзгөн.

Мындан тышкары, «Түндүк-Чыгыш» бажысы товарларды декларациялабоо фактысын аныктаган. Текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө, 2023-жылдын февраль айында «В.Г.» ЖЧКнын дарегине КР жараны «А.Э.» башкаруусунда «Scania» үлгүсүндөгү унаа менен Түркмөнстан Республикасынан ЕАЭБдеги Кыргыз Республикасынын бажы аймагына жалпы салмагы 19 600 кг, баасы 15 660 АКШ доллардагы жаңы помидор товары келгени аныкталган.

2023-жылдын 30-июнуна карата төлөнө турган бажы төлөмдөрүнүн наркы 316 миң сомду түзгөн (айыппулдарды эсепке албаганда).