Энергетика министри күз-кыш мезгилине өз убагында даяр болуш керектигин талап кылды

Энергетика министри Таалайбек Ибраев жана ЖКнын депутаты Сулайманов Кундузбек иш сапарлары менен түштүк ГЭСтеринде болуп, алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү тапшырышты. Бул тууралуу министрлик маалымдады.

Иш сапардын жүрүшүндө аткаминерлер Токтогул ГЭСинин №2 гидроагрегатын реконструкциялоонун жүрүшү жана Камбар-Ата 1 ГЭСинин курулушуна инфраструктураны даярдоонун жүрүшү, ошондой эле компаниянын объектилерин алдыдагы күз-кыш мезгилине даярдоосу менен таанышты.

Тактап айтканда, №2 курулушу бүтө элек транспорттук тоннелдин жана Бишкек-Ош унаа жолунун Камбар-Ата ГЭСинин №2 уячасына чейинки курулушунун жүрүшү менен таанышып, министр тоннелдин курулушун сапат стандарттарын жана мөөнөттөрүн сактоо менен тездетүүнү тапшырды.

Нарын дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрөнүн курулушу менен таанышып, Камбар-Ата ГЭСинин №1 уячасынын аймагындагы оң жана сол жээктердеги иштерди тез арада баштоону тапшырышты.

№2 гидроагрегатынын реконструкциясынын жүрүшү менен таанышуу максатында министр Токтогул ГЭСине барды. Иш сапардын жыйынтыгында «Электр станциялары» ААКга аткарылган иштердин сапатын дыкат көзөмөлгө алуу жана реабилитациялык иштердин шарттарын сактоо тапшырылды.

Иш сапардын алкагында ЖКнын депутаты К.Сулайманов жана энергетика министри Т.Ибраев Токтогул ГЭСинин жана Камбар-Ата ГЭСинин 2 административдик имаратында да болушту. Жолугушууда ага негизги техникалык көрсөткүчтөр жана пландар тууралуу маалымат берилди.

Андан ары, министр Шамалды-Сай ГЭСинин абалы, №1 гидроагрегатты оңдоонун (капиталдык оңдоо) жүрүшү менен таанышты.

Ошондой эле, министр Таалайбек Ибраев ГЭСтин учурдагы оңдоо иштери жана КТКГЭС филиалынын өздүк курамынын санитардык-турмуштук абалы менен таанышты. Ошону менен бирге ал Үч-Коргон ГЭСинин станок-станциясынын асма кранын калыбына келтирүү иштерин текшерди.

Жумуш сапарынын соңунда, КР Энергетика министри Т.Ибраев алдыдагы күз-кыш мезгилине өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.