Эскертүү! Бишкек-2 - Балыкчы багытындагы поезд 17-июлдан тарта күнүгө жүрө баштайт

2023-жылдын 17-июлунан 31-августка чейин «Бишкек-2 - Балыкчы» багытындагы жүргүнчү поезди күнүгө каттай баштайт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» эскертти.

Маалыматка ылайык, кетүү – келүү төмөнкү убакытта аткарылат:

№ 608 «Бишкек-2 - Балыкчы» поезди «Бишкек-2» бекетинен саат 07:40та чыгып, «Балыкчы» бекетине саат 11:46да жетет.

№ 609 «Балыкчы – Бишкек-2» поезди «Балыкчы» бекетинен саат 17:48де чыгып, «Бишкек-2» бекетине 21:54дө келет.

Билеттин баасы:

· жөнөкөй вагон: чоң адамдарга 150 сом, жаш балдарга 73 сом;

· люкс вагон: чоң адамдарга 500 сом, жаш балдарга 250 сом.

Маалымат алуу үчүн байланыш номерлер:

· мобилдик тел.: 0705 076696;

· стационардык тел.: (0312) 30-02-09; 92-68-54; 92-68-40.