Кайрымдуулук фонд Красная-Речка айылында суу мунарасын курууга жардам берди

Ысык-Ата районунун Красная-Речка айылында суу мунарасы ачылды. Бул тууралуу Чүй облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

Маалыматка ылайык, долбоор  «Ас-Салам» кайрымдуулук фонду аркылуу ишке ашырылды.

Ачылыш иш-чарасына райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Алмазбек Осмонов, кайрымдуулук фонддун өкүлдөрү жана жергиликтүү тургундар катышты.