Мраморное айылында ФАПтын курулушу башталды – сметалык баасы 19 млн сомду түздү

Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Ала-Арча айыл өкмөтүнүн Мраморное айылында фельдшердик-акушердик пункттун имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Облустун башчысы Канат Жумагазиевдин айтымында, Мраморное айылынан 1.5 гектар жер бөлүнүп, 19 млн сомдук эки кабаттуу ФАПтын курулушу башталды

«Иш 100% жергиликтүү бюджеттен каржыланат. Фельдшердик-акушердик пункттун аянты 295.1 чарчы метр, 8 бөлмөлүү, күтүү залы бар. Бул ФАП заманбап жабдыктар менен жабдылып, 5 миңге чейин калкты тейлөөгө ылайыкталган», - деди Жумагазиев.

Анын айтымында, учурда Чүй облусунда 188 акушердик пункт жана 92 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу бар. Анын ичинен 24 ФАП, 15 ҮДТ Аламүдүн районунда.