«Тазалык» таштанды контейнерлерин оңдоп-түзөө улантылууда
«Тазалык» муниципалдык ишканасы борбор калаадагы таштанды аянтчаларын оңдоп-түзөө иштерин улантууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Шаар боюнча 200дөй таштанды аянтчалары, анын ичинде 1015 контейнер оңдоп-түзөөдөн өттү. Контейнерлердин дөңгөлөктөрүн жаңылоо, контейнерлерди түздөө, таштанды аянтчалардын айланасын атайын каражаттар менен жууп-тазалоо, аянтчага чатыр салуу же оңдоо ж.б. иштери бүткөрүлүүдө.
Ар бир райондо жумушчулардын экиден бригадасы иш алып барууда.