Борбор калаанын «Көк-Жар» суу алгычы бир күндө оңдолду

Борбор калаанын мэриясы «Көк-Жар» суу алгычында пландалган оңдоо иштерин тез арада бүтүрдү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, «Бишкексууканал» башкармалыгынын командасы эки күнгө пландалган чоң көлөмдөгү иштерди бир күндүн ичинде бүткөрдү.

Ошентип, резервуарлар дезинфекцияланып, шаардык суу түтүктөрүндө керектүү оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул иш-чаралардын натыйжасында ичүүчү суунун оптималдуу сапаты жана суу менен камсыздоо тутумунун ишенимдүү иштеши камсыз кылынат.

Аткарылган иштердин жыйынтыгында 12-июль эртең менен шаардын бардык аймагына, анын ичинде Арча-Бешик конушуна таза суу туруктуу бериле баштайт.