Түркияда иштеген кыргызстандыктар келечекте пенсияга чыга алышат – Соцфонд

Түркияда иштеген Кыргызстандын жарандары келечекте пенсияга чыга алышат. Бул тууралуу Соцфонд эскертти.

Мекеме тактагандай, 2020-жылы тартып КРнын өкмөтү менен Түркиянын өкмөтүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо жөнүндө келишим күчүнө кирген.

Алсак, социалдык камсыздоо жөнүндө келишимдин алкагында азыркы күндө түрк тараптан иш стажы жөнүндө 162 суроо-талап жиберилген, 158 суроо-талап иштелип чыкты жана аларга тиешелүү жооптор берилди.