> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# «Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында 2161 га аянтка экме токойлор отургузулган
- URL: https://im.kg/koom/2023/07/12/zhashyl-muras-kampaniiasynyn-alkaghynda-2161-gha-aiantka-ekmie-tokoilor-oturghuzulghan/
- Published: 2023-07-12T04:20:31.000Z
- Updated: 2023-07-12T04:20:30.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 2161 га аянтка экме токойлор отургузулган. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди.**

Маалыматка ылайык, иш жүзүндө 2161 га аянтка экме токойлор отургузулган, анын ичинен:

· мамлекеттик токой фондусунун жеринде 2051 га;

· мамлекеттик токой фондусунан тышкары жерлерде 110 га.

Жакынкы жылдарга токой культураларын отургузуу боюнча иш чараларды отургузулуучу материалдар менен камсыз кылуу жана калктуу пункттарды жашылдандыруу максатында көчөтканаларда 11.57 га аянтка бак-дарактардын жана бадалдардын үрөнү себилди, школдук бөлүмдөрүндө 350.33 миң даана себилме көчөттөр (сеянцы) жана калемчелер плантациясында 11560.5 миң даана калемчелер отургузулду.