«Жашыл Мурас» кампаниясынын алкагында 2161 га аянтка экме токойлор отургузулган

«Жашыл Мурас» улуттук кампаниясынын алкагында 2161 га аянтка экме токойлор отургузулган. Бул тууралуу Токой кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, иш жүзүндө 2161 га аянтка экме токойлор отургузулган, анын ичинен:

· мамлекеттик токой фондусунун жеринде 2051 га;

· мамлекеттик токой фондусунан тышкары жерлерде 110 га.

Жакынкы жылдарга токой культураларын отургузуу боюнча  иш чараларды отургузулуучу материалдар менен камсыз кылуу жана калктуу пункттарды жашылдандыруу максатында көчөтканаларда 11.57 га аянтка бак-дарактардын жана бадалдардын үрөнү себилди, школдук бөлүмдөрүндө 350.33 миң даана себилме көчөттөр (сеянцы) жана калемчелер плантациясында 11560.5 миң даана калемчелер отургузулду.