25-июлдан тартып чет мамлекеттеги кыргызстандыктар «булут» колтамгасынын акысыз ала алышат

2023-жылдын 25-июлдан тартып чет мамлекеттеги кыргызстандыктар «булут» колтамгасынын акысыз ала алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Такталгандай, «булут» технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамгасынын ачкычтарынын сертификаттарын алуу үчүн КР жараны дипломатиялык өкүлчүлүгүнө же консулдук мекемесине Кыргызстандын жарактуу улуттук паспорту мененжеке түрдө кайрылуусу керек.

Байланыш маалыматтар КРдин Тышкы иштер министрлигинин расмий сайтында жарыяланган.