Бишкекте 1974-жылы эксплуатацияга киргизилген кабель чубалгысы алмаштырылды

2023-жылга капиталдык курулуш жана реконструкциялоо планына ылайык 110/35/6 кВ «Ново-Западная» көмөкчордонунан чыккан 6 кВ чыӊалуудагы кабелдик чубалгы реконструкцияланды. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, эски кабелди жаӊы кабелге алмаштыруу иштери Бишкек шаарынын Профсоюзная– Месароша көчөлөрдүн кесилишинде жүргүзүлдү.

Министрлик белгилегендей, эски кабель 1974-жылы пайдаланууга берилген. 240 мм² кесилишиндеги жаңы кабелдик линия эскисинин кесилишинен эки эсе чоң - 150 мм² жана кабелдик өткөрүмдүүлүгү жогорулатылды. Реконструкцияланган кабель чубалгынын узундугу 2 200 метрди түздү.