Aero Nomad Оштон Ысык-Көлгө каттамдардын санын көбөйтүү пландалууда

Ата мекендик «Аэро Номад Эйрлайнс» авиакомпаниясы 2023-жылдын 28-июлунан тартып Ош-Тамчы-Ош багыты боюнча алгачкы  каттамын ачып, ошону менен Оштон Ысык-Көлгө туруктуу каттамдардын санын көбөйтүүнү максат кылууда. Бул тууралуу «Манас» аэропорту билдирди.

Маалыматка ылайык, каттамдар жумасына бир жолу - жума күндөрү аткарылат.

Эскерте кетсек, Tez Jet авиакомпаниясынын учактары аталган багыт боюнча жумасына 6 жолу - шейшемби, шаршемби, бейшемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.