Арабаев атындагы университетинин имаратында мектеп ачылат

Бишкектин 10-кичи райондо жайгашкан И.Арабаев атындагы университетинин имаратында мектеп ачылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

такталгандай, имараттын аянты 11 миң чарчы метрден ашат жана анын жарымы туура эмес багытта колдонулган.

Мамлекет башчысы имараттын кейиштүү абалын эске алып, жалпы билим берүүчү уюм катары Бишкек шаарынын мэриясынын балансына өткөрүп берүүнү, ошондой эле жаңы окуу жылына карата капиталдык оңдоо иштерин жүргүзүүнү тапшырды.