Кыргызстанда 45тен ашык бинардык опциондорго жамынган оюн-зоок жайлары жабылды

Кыргызстандыг аймактарында бинардык опциондорго жамынган 45ден ашык оюн-зоок жайлары иштеп, аларда интернет аркылуу виртуалдык каржылык оюндар жана башка ар кандай кумар оюндары уюштурулган. Бул тууралуу ИИМ билдирди.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын маалыматы боюнча, бинардык опцияларды соодалоого жамынып, узак убакыт бою мыйзамсыз иш-аракеттер жүргүзүлүп келген.

Бул факты боюнча ИИМдин тергөө кызматы тарабынан, Кылмыш-жаза кодексинин 222-беренесинин (Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)) 2-бөлүгүнүн 1-пунктунда каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.

Азыркы учурда Бишкек, Ош, Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарында жайгашкан 45тен ашык мекеме жабылып, тиешелүү иш чаралар улантылууда. Аталган факт боюнча тергөө иштери уланууда.