Август айынан баштап электрондук колтамганы Liveness аркылуу алса болот
2023-жылдын 1-августунан 2024-жылдын 1-августуна чейин кыргызстандыктар үчүн булуттук электрондук колтамганы аралыкта туруп алуу мүмкүнчүлүгүн жайылтуу боюнча пилоттук долбоор жүргүзүлөт. Бул тууралуу Санариптик өнүктүрүү министрлиги билдирди.
Министрлик онлайн режиминде БЭК кантип алууга болорун айтып берди:
• мобилдик тиркеменин жардамы менен реалдуу убакыт режиминде Liveness технологиясын колдонуу аркылуу Face ID сервисинен идентификациялоо жол-жобосунан өтүү (Liveness – Бетти таанууну колдонуу менен пайдалануучуларды ишенимдүү биометрикалык идентификациялоо үчүн алдамчылык аракеттеринен коргоо технологиясы);
• идентификациядан ийгиликтүү өткөн учурда арыз ээси байланыш телефонунун номерин жана электрондук почтанын дарегин киргизет, андан ары «булуттук» технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамганын ачкычтары менен иштөө үчүн пин-коддор жөнөтүлөт;
• көрсөтүлгөн жол-жоболорду аяктоо үчүн «Инфоком» МИнин күбөлөндүрүүчү борбору тарабында автоматтык режимде «булуттук» технологиялары аркылуу түзүлгөн электрондук колтамга ачкычтарын генерациялоо жана берүү жүргүзүлөт.