Баш калаанын Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулууда

Бишкектеги Октябрь районунун Төкөлдөш конушу жаратылыш газына кошулууда. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Такталгандай, Октябрь району боюнча Төкөлдөш, Көк-Жар, Кара-Жыгач, Алтын-Ордо жана Рухий-Мурас конуштарындагы 7 808 турак жайдын ичинен 4 363 турак жай жаратылыш газына кошулуду, бул  56%ды түздү.

Белгилей кетсек, акимчиликтин кызматкерлери  №6 МАБ,  кварталдык комитеттер менен биргеликте жер-жерлерде курулуш-монтаждоо иштеринин баалары жана газ бөлүштүрүүчү тармактарга кошулуу боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.