Бишкектин мэриясы «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин ишке киргизди

Бишкек шаарынын мэриясы «Менин шаарым» мобилдик тиркемесин ишке киргизди. Бул жарандардын кайрылуулары менен иштөө боюнча автоматташтырылган маалымат системасы, деп мэрия билдирди.

Тиркеме аркылуу жарандар турак-жай-коммуналдык чарба жана шаарды көрктөндүрүүнүн бардык маселелери боюнча арызын жөнөтүү оңой жана жөнөкөй болот. Мобилдик тиркеменин негизги милдети – көрсөтүлүүчү кызматтардын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу.

«Менин шаарым» мобилдик тиркемесин колдонуу эффективдүүлүктү жогорулатып, жарандардын кайрылууларына жооп берүү процессин тездетет.

Кабыл алынган арыз дароо Бишкек шаарынын мэриясынын тиешелүү кызматына жөнөтүлөт жана арыз ээси реалдуу убакыт режиминде конкреттүү кызмат тарабынан арыздын аткарылышын контролдоо жана көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Арызга жооп 3 күндүн ичинде  жөнөтүлөт.