Бүгүн Ош шаарынын Масалиев көчөсү жабылат - схема

Ош шаарынын, бүгүн 17-июль күнү саат 23:00дө А. Масалиев көчөсүнүн бир бөлүгү жабылат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызмты билдирди.

Такталгандай, жолду жабуу көчөнүн капиталдык жаңыдан асфальттоо иштеринин 4-этабы башталышына байланыштуу.

Айтылган убакытта А.Масалиев менен А. Навои (Келечек базары) көчөсүнүн кесилишинен, Ж. Райымбеков (Зайнабетдинов) көчөсүнө чейинки бөлүк жабылат.