Кадамжай-Айдаркен-Чечме автожолунда асфальт төлугу менен төшөлгөн

Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунда жайгашкан 127 км 179 км чейинки Кадамжай-Айдаркен-Чечме бөлүгүнө асфальт төлук төшөлгөн. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» МИ кабарлады.

Бул жерде ошондой эле Кадамжай-Айдаркен-Чечме унаа жолунун 136-км жана 172-км бөлүгүндө жайгашкан эски көпүрөлөрдү демонтаждоо иштери жүргүзүлгөн жана жаңы көпүрөлөр салынган.

Жолдун жалпы узундугу 54 км түзөт. Ошондой эле, сел өтүүчү бөлүктүн курулушу бүткөрүлдү. Сел өтүүчү бөлүктү таш менен тосуу иштери аткарылды.

Айланма жолунда 6.3 км асфальт-бетон төшөлгөн. Орозбеков айылында 8 км асфальт-бетон төшөлгөн. Бүгүнкү күндө жол бетиндеги чийиндерди чийүү, жол белгилерин орнотуу иштери аткарылып жатат.