Жалал-Абадда 72 млн сомдук балдар ойноочу комплекси курулат

Жалал-Абадда шаарындагы муниципалдык балдар ойноочу заманбап комплекстин курулушу башталды. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат борбору билдирди.

Такталгандай, долбоор Т.Байзаков атындагы эс алуу паркында ишке ашырылат. Долбоордун сметалык баасы 75  млн сомду түзүп, тендердин жыйынтыгы менен «АСТАС строй» ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, 72 млн. сомго курулуш жүргүзүүдө.

Комплексттин курулушу 2023- жылдын октябрь айында бүткөрүү пландалган. Мэрия белгилегендей, балдар ойноочу комплекстин курулушу республикалык бюджеттен Жалал-Абад шаарын өнүктүрүүгө бөлүнгөн 2 млрд. сом акча каражатынын эсебинен каржыланууда.