Бишкекте жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ленская көчөсүнө асфальт-бетон аралашмасын төшөй башташты. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жолду оңдоо иштери көчөнү изилдөөдөн кийин, тагыраак айтканда, эски асфальтты алуудан кийин башталган. Оңдоо иштери ЧЧКдан  Фучик көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Бул көчөнүн жалпы узундугу 1050 погон  метрди,  жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 10 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин жолго асфальт төшөө үчүн даярдык иштери аяктап, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулган.

Учурда асфальт-бетон аралашмасынын биринчи катмарын төшөө иштери башталды. Иштер аяктагандан кийин люктар жолдун деңгээлине көтөрүлүп, асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери башталат.

Жолдун өтүүчү бөлүгү ачылган соң, тротуарды уюштуруу иштери башталат.