Тоң районунда «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» кароо-сынак фестивалы өттү

Тоң районунун Кызыл-Туу айылында «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» кароо-сынак фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Айнура Аскарова, Ысык-Көл облусунун Тоң райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы- аким Байышбек Астанакулов, бир катар коомдук жана маданият ишмерлери, жергиликтүү тургундар катышты.

Фестивалдын алкагында концерттик программа, салттуу кийим көргөзмөсү, салбуурун, ат оюндары, кол өнөрчүлүктүн түрлөрү боюнча мастер класстар өтүп, Кыргызстан кол өнөрчүлөр кеңешинин көргөзмө-жарманкеси менен коштолду.

Аталган фестиваль Маданият министрлиги, Тоң райондук администрациясы, Кыргызстан кол өнөрчүлүк кеңеши, Кызыл-Туу боз үйчүлөр айылы менен биргеликте уюштурулду.