Бишкектин Октябрь районунан күнүнө 140 тоннадан ашык таштанды чыгарылат

Бишкектин Октябрь районунан «Тазалык» муниципалдык ишканасы күнүнө 140 тоннадан ашык таштанды чыгарат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, катуу тиричилик таштандыларын чыгарууда жалпысынан 25ке жакын жүктөгүч жана 9 таштанды ташуучу унаа иштеп жатат.

«Тазалык» муниципалдык ишканасы 14-июндан тарта Октябрь районунун аймагындагы таштандыларды чыгара баштаган. Буга чейин ишмердүүлүк бир нече жыл жеке компаниялардын колунда болгон.