Япониялык ишкана муздак асфальт технологиясын сунуштады

Бишкектин муниципалитетинде  мэрдин орун басары Мурат Осмонов менен «IKEE Group» өкүлдөрүнүн жолугушуусу өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Жолугушууга башкы директор Нишияма Шю, ошондой эле JDI компаниясынын өкүлдөрү Хадцукадэ Цумио жана Кусама Кенжи катышты.

Жолугушууда жапон тарап Бишкекке болгон иш сапарынын максаттары менен бөлүшүп, өз продукциясын (муздак асфальт технологиясы) тааныштырды. Ошону менен бирге компаниянын өкүлдөрү кызматташуу пландары менен бөлүшүп, биргелешкен долбоорлорду каржылоонун варианттарынын бири JICA эл аралык кызматташуу боюнча япон агенттигинин механизмдери экенин белгилешти.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар   өз ара пайдалуу кызматташууну улантуу боюнча макулдашууга жетишти.