Сентябрдан баштап директорлордун, мугалимдердин айлыктарын көтөрөбүз – Акылбек Жапаровдун убадасы

Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап жогорку окуу жайлардын директорлорунун, башкы мугалимдеринин, ошондой эле окутуучулардын айлык акысын көтөрүүнү пландалып жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 2023-жылдын биринчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин коллегиясынын ишинде билдирди.

Ал ошондой эле мугалимдердин айлыгы 2022-жылы көтөрүлгөнүн, анын ичинде аны төлөөнүн системасы толугу менен кайра каралганын кошумчалады.

«Үстүбүздөгү жылдын сентябрь айынан баштап директорлордун, ошондой эле жогорку окуу жайлардын окутуучуларынын эмгек акысын көтөрүүнү пландап жатабыз. Бирок, эмгек акынын жогорулашы билим берүүнүн сапатына кандай таасирин тийгизерин билүү абдан маанилүү. Билим берүү тармагына 2023-жылы болгону 60.9 млрд сом каралган, бул 2022-жылга салыштырмалуу 23 млрд көп», - деп белгиледи Жапаров.