Баткендин чек ара аймактарында АРИС 15 социалдык обьекттин курулушун жүргүзүүдө

Баткен облусунун Баткен жана Лейлек райондорунун чек аралаш аймактарында 15 социалдык обьектилердин курулушу жана капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары  АРИС уюму тарабынан ишке ашууда. Бул тууралуу КР президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Тагыраагы 10 обьект учурда курулуп жатса, 5 обьекттин капиталдык оңдоп түзөө жумуштары аяктады.

Курулуш иштерин 2023-жылдын аягына чейин бүткөрүү, обьекттерди пайдаланууга берүү пландалган. Ошондой эле ар бир обьектти керектүү жабдуулар жана эмеректер менен камсыздоо жагы белгиленген. Алар:

· Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Ак-Сай айылында 275 орундуу Б.Ходжаев атындагы орто мектептин курулушу;

· Ак-Сай айылында 75 орундуу «Эделвейс- Жакшылык » балдар бакчасы;

· Көк-Таш айылында 120 орундуу Көк-Таш башталгыч мектеби;

· Көк-Таш айылында 50 орундуу «Учкун» балдар бакчасы;

· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Кара-Бак айылындагы Б.Нарматов  орто мектебине 100 орундуу кошумча окуу корпусу;

· Кара-Бак айыл өкмөтүнун, Кызыл-Бел айылындагы А.Масалиев орто метебине 150 орундуу кошумча корпусу;

· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 100 орундуу орто мектеби;

· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн, Достук айылындагы 30 орундуу “Бөбөктай” балдар бакчасы;

· Кара-Бак айыл өкмөтүнүн Достук айылындагы ФАП;

· Төрт-Гүл айыл өкмөтүнүн Чоң-Талаа айылыныдагы 225 орундуу Чоң-Талаа орто мектебинин курулушу;

Ал эми капиталдык оңдоп түзөөлөр:

· Ак-Сай айыл өкмөтүнүн Капчыгай айылындагы ФАПтын капиталдык ремонтто жумуштары;

· Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы №20 ГСВ;

· Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Бобордук айылындагы Ч.Айтматов орто мектеби;

· Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл өкмөтүнүн Арка айылындагы №22 ГСВ;

· Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүнүн  Максат айылындагы 225 орундуу Максат орто мектептин оңдоп-түзөө иштери.