Ош-Ноокат-Раззаков жолун асфальттоо иштери жүрүүдө

Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эльчибек Джантаев Ош-Ноокат-Раззаков жолун асфальттоо иштери менен таанышты. Бул тууралуу өкүлдүн маалымат кызматы билдирди.

Эльчибек Джантаев жолду сапаттуу жана мөөнөтүндө бүтүрүү үчүн бардык күч-аракетин жумшоого чакырды.

Учурда курулуш иштеринде 90 атайын техникалар пайдаланууда жана сапатты 5 адамдан турган атайын лаборатория кызматкерлери көзөмөлдөйт. Жолдун бир тараптуу негизги иштери аткарылып, асфальттоо иштери жүрүүдө.

Бул жолдун бүткөрүлүшү жарандардын жашоосун жакшыртууда жана жол кыймылын жеңилдетүү үчүн стратегиялык мааниге ээ. Долбоор план боюнча күчөтүлгөн тартипте  жүрүп жатат.