«Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы» жылытуу мезгилине 70%га даяр

«Токмоктогу жылуулук менен жабдуу ишканасы» филиалы жылытуу мезгилине 70%га даяр. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Учурда бекитилген иш- чаралардын планына ылайык төмөнкү иштер аткарылды:

№1 отканада ДЕв 10/14 отказанына жана №68 V=400м³ аккумулятордук челекке  капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлдү;

№2 отканада ДКВР 20/13, ДЕв 25/13 отказанына капиталдык оңдоп-түзөө иштери аткарылды.

Мындан тышкары, бардык участоктордо отканалардын жана жылуулук пункттарынын негизги жана көмөкчү жабдуулары оңдолуп, калыбына келтирилди.

Алардын катарында Д32мм ден Д250ммге чейинки эскирген ЗРА (өчүрүү жана башкаруу клапандары) оңдолду жана алмаштырылды-соргучтар, түтүн соргучтар жана желдеткичтер текшерилди жана оңдолду.