Төө-Ашуунун тоннелинде асфальт жаңыланат – жолду жабуу графиги

2023-жылдын 20 июлунан баштап - 26 июлга чейин Төө-Ашуудагы К.Көлбаев атындагы тоннелдин эски асфальт-бетон катмарын сыйрып алуу, жаңы асфальт-бетон төшөө иштерине байланыштуу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу «Кыргызавтожол» МИ билдирди.

Маалыматка ылайык, 20 июлдан баштап 26 июлга чейин:

• саат 5:00 дөн 8:00 гө чейин;

• саат 10:00 дөн 12:00 гө чейин;

• жана 14:00 дөн 16:00 гө чейин.

Бекитилген убакытта унаалардын өтүүсүнө чектөөлөр киргизилет.