> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы бүттү
- URL: https://im.kg/koom/2023/07/21/balykchy-cholpon-ata-korumdu-unaa-zholunun-10-23-chakyrym-aralyghyndaghy-zholdun-bir-taraby-buttu/
- Published: 2023-07-21T06:40:18.000Z
- Updated: 2023-07-21T06:40:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыгы) жолдун бир тарабы бүткөрүлүп, экинчи тарабы асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.**

Такталгандай, учурда жол курган компаниянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жогоруда аталган жолго бир нече ирет барып, туристтик мезгилде келген коноктордун жана жергиликтүү калктын ыңгайы үчүн жумушту тездетүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Анын 96 чакырымына калыңдыгы 9 см болгон асфальтобетондун төмөнкү катмары төшөлүп, 8 чакырымына төшөө жумуштары калды. Ал эми 81 чакырым жолго калыңдыгы 6 сантиметрди түзгөн асфальтобетондун жогорку катмары төшөлүп бүттү.