Бишкектин Свердлов районунунда 23 көчө түздөлөт

Быйыл Бишкектин Свердлов районунда 23 көчөнү грейдерлөө иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

«Учкун» конушунда «Бишкекафсалтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери автогрейдер менен Ж.Огонбаев жана Миң-Булак көчөлөрүн тегиздөө иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын июнь айында шаардык бюджеттин эсебинен муниципалдык жолдорду сапаттуу тейлөө үчүн XCMG GR 165 автогрейдери сатып алынган.