Кара-Кулжада районунда 3 ФАП колдонууга берилди

Ош облусунун Кара-Кулжа районунун аймагында 3 фельдшердик акушердик пункттар калктын саламаттыгын чыңдоо үчүн ишке кирип, калктын колдонуусуна берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

Кара-Кулжа районунун М. Жунусов атындагы ЖДПБнун №8 ҮДТна  караштуу Райимбек Термечиков атындагы фельдшердик акушердик пункту (Сары-Булак), №8 ҮДТна караштуу Сары-Күнгөй фельдшердик акушердик пункту жана №4 ҮДТна караштуу Ак-кыя фельдшердик акушердик пункттары калктын саламаттыгы үчүн өз жумуштарын башташты.