Ошто жол жээгинде иретсиз соода кылган жарандарга айып пул салынды

Ош шаарынын мэриясы шаарда сатылып жаткан коон, дарбыздардын коопсуздугу, аларды сатууда санитардык талаптарынын аткарылышы боюнча ар тараптуу текшерүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда жол боюнда сатылып жаткан коон, дарбыздар атайын жабдык менен текшерилип, жол эрежелерин бузуп, белгиленбеген жерде майзамсыз соода кылган жарандарга айып пулдар салынып, тийиштүү чаралар көрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин шаар аймагында унаа жолдордун жээктериндеги иретсиз соода-сатык, таштандыларды тазалоо, мөмө-жемиштердин сапаты боюнча бир нече рейд жүргүзүлүп, айрым сатуучуларга эскертүүлөр берилген.  

Рейд, жарандардын катуу ысыкта коон, дарбыздан уулануунун алдын алуу, санитардык абалын жакшыртуу, жол тилкелеринде уруксатсыз сатууга бөгөт коюу, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана шаардын көркүн сактоо максатында өткөрүлдү.