Шамалды-Сай ГЭСинде гидроагрегатынын оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат

Күз-кыш мезгилине даярдануунун алкагында Шамалды-Сай ГЭСинде (гидроагрегат) ГА-2 учурдагы оңдоо иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлиги кабарлады.

Бүгүнкү күндө ГА-2 (гидроагрегат) боюнча төмөндөгү иштер аткарылууда:  

• турбинанын подшипниктерин учурдагы оңдоо;

• турбинанын подшипниктерин майлоо системасын учурдагы оңдоо;  

• турбинанын капкагынан суу чыгаруучу насосту учурдагы оңдоо;  

• генератордун статорунун орамын текшерүү, тазалоо;

• В-13-Г-3 генераторунун автоматтык өчүргүчтөрүн учурдагы оңдоо.  

Оңдоо иштери бекитилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө. Ремонт иштери 2023-жылдын 30-июлунда аяктайт.