Таластын бардык отканаларында күз-кыш мезгилине карата даярдык иштери кызуу жүрүүдө

2023-2024 күз-кыш мезгилине карата даярдык көрүү иштеринин алкагында Талас жылуулук менен жабдуу ишканасы филиалындагы бардык отканаларында оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат. Бул тууралуу Таластын мэриясы билдирди.

Анын жүрүшүндө отказандардын жарактан чыккан тетиктери алмаштырылып, сырдалууда.

Бүгүнкү күндө «Кыргызжылуулукэнерго» мамлекеттик ишканасынын каржылоосу менен Талас шаарындагы мазут отуну менен иштеген №1 отканага буу бөлүп чыгаруучу кичи отказан орнотулду.

Аталган отказан көмүр отуну менен иштеп, көмүрдү аз керектейт.   Ошондой эле ыкчам буу чыгарып, мазутту суюк абалга келтирүү функциясына ээ.