«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын катышуучулары 250 миңден ашты

Бүгүнкү күндө кызыктыруучу лотереяга катышуучулардын саны 251 миң 700 адамды түзүп, 3 жумада 13 миң адамга көбөйдү. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди.

2-июлдан тартып «Салык чек» тиркемеси аркылуу кассалык чектер 1,3 млрд сомдон ашык суммага сканерленди.

Эскерте кетсек, лотереянын утушунун экинчи этабы 25-декабрдан 30-декабрга чейин болот, анда 1244 байге, анын ичинде 10 батир, 11 электромобиль, чет өлкөгө 4 жолдомо, 521 iPhone14, 519 смартфон, 158 ноутбук жана Дайсон маркасындагы 21 фен ойнотулат.