Ысык-Көл областында мамлекетке 35.6 млн сомдук үч бала бакча кайтарылды

2023-жылдын 1-жарым жылдыгында Ысык-Кѳл областынын прокуратура органдары тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз өтүп кеткен 3 бала бакча муниципалдык менчикке кайтарылды.

Такталгандай, бала бакчалар 35 млн 610 миң сомго бааланган, алардын аянты 5 764 чарчы метр болгон жер тилкелери менен биргеликте

Алар, Ак-Суу районунун Ак-Булун айылындагы 26 млн 10 миң сомго бааланган «Балажан»  бала бакчасы, Тоӊ районунун Күн-Чыгыш айыл өкмөтүнө караштуу Арчалы айылындагы 2 млн 200 миң сомго бааланган бала бакча, ошондой эле, Тоӊ районунун Бөкөнбаев айылында жайгашкан 7 млн 400 миң сомго бааланган «Киров» атындагы бала бакча мамлекеттин балансына толук алынды.