Жыл башынан бери Кыргызстанда дээрлик 5 миң окуучу кесиптик багытты камтыды

Иш менен камсыз кылуу кызматынын жарым жылында дээрлик 5 миң окуучу кесиптик багытты камтыды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдирди.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл башынан бери шаардык жана райондук иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан 10 миңден ашуун жаранга кесиптик багыт берүү боюнча кеңеш берилген.

Алардын ичинен 5.1 миңи – жумушсуз жарандар, 4.9 миңи – жалпы билим берүүчү мектептердин 9-11-класстарынын окуучулары. Ошону менен бирге мектеп окуучулары үчүн кесиптик көндүмдөрдү аныктоо боюнча кесипке багыт берүүчү тесттер уюштурулган.

Башкармалык жаштардын кесип тандоосуна көмөк көрсөтүү жана жумушсуздукту азайтуу максатында республика боюнча Жалал-Абад, Талас, Өзгөн, Бишкек, Ош, Нарын, Каракол шаарларында да атайын кесипке багыт берүү борборлору иштеп, ар бир адам кеп-кеңеш алып, эмгек рыногу, кайсы кесиптер көбүрөөк суроо-талапка ээ жана кайсыл жерде бекер кесиптик билим алууга болорун биле алышат.

Учурда жумушсуз жарандар компьютердик оператор, ашпозчу, косметолог, чач тарач, маникюр, массажист, котормочу, эсепчи, автоайдоочу, электр жана газ менен ширетүүчү, сантехник, тигүүчү, бычмачы сыяктуу популярдуу кесиптерге билим алышат.

Алты айдын ичинде 3.4 миң жумушсуз адам окутулуп, алардын 57%ы ишке орношту.