Сокулук району ичүүчү таза суу менен камсыз болот

Чүй облусунун Сокулук районунун Жаңы-Жер айылынын тургундарын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу максатында маанилүү долбоор башталып, анын расмий бет ачары 24-июлда болду. Бул тууралуу президенттин Чүй облусундагы өкүлчүлүк билдирди.

Долбоор «Ихсан Хайрия» кайрымдуулук фондунун каржылык колдоосунун, биргелешкен аракетинин натыйжасы болду. Тагыраагы, жергиликтүү бюджеттен 600 миң сом бөлүнсө, калган каржылык жардамды фонд көтөрдү.

Долбоордун максаты - суу менен камсыздоо үчүн зарыл болгон инфраструктураны, анын ичинде суу мунарасын, резервуар, насосторду орнотуу, учурдагы суу менен камсыздоо системасынын бир бөлүгүн алмаштыруу.

Бул иштер бүткөрүлсө Солодовникова, Юбилейная, Южная, Жамбулатова, Советская, Киров, Симроад көчөлөрү таза ичүүчү суу менен камсыздалат. Мындан сырткары ар бир короого жекече суу эсептегичтер орнотулуп, сууну үнөмдүү пайдаланууга жана адилет бөлүштүрүүгө өбөлгө болот.