> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Таласта көйгөйлүү көчөлөр оңдолууда
- URL: https://im.kg/koom/2023/07/26/talasta-koighoiluu-kocholor-ondoluuda/
- Published: 2023-07-26T07:10:42.000Z
- Updated: 2023-07-26T07:10:41.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Коом, #Import 2025-07-22 12:57

**Таластын башчысы Эрмат Джумаев жолдорду оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.**

Анда мэр Эрмат Джумаев тийиштүү мекеме, ишкана жетекчилеринин бул жаатта жоопкерчиликтүү ишин баса белгилеп, аткарылып жаткан иштердин сапатына жана мөөнөтүндө бүткөрүүгө өзгөчө көңүл буруу, ошондой эле айрым мүчүлүштүктөрдү тезирээк жөнгө салуу тапшырмасын берди. 

Учурда шаардын жамап-жасоого муктаж көчөлөрүнө тийиштүү техникалар ишке тартылып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/362621605_665305515623532_2198847852599451283_n-1.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/362968016_665305522290198_2311570082489657931_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/363299617_665305512290199_5658201893525897132_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2023/07/363386790_324628056569706_2727697399953072734_n-1.jpg)